> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Каямат - Куркол - Балыкчы темир жолунда оңдоо иштери жүрүүдө
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/30/kaiamat-kurkol-balykchy-temir-zholunda-ondoo-ishteri-zhuruudo/
- Published: 2026-09-30T08:59:34.000Z
- Updated: 2026-09-30T08:59:33.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Каямат - Куркол – Балыкчы багытындагы темир жолдун 9 чакырымдык тилкесинде күчөтүлгөн орточо оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" МИ билдирди.**

> Маалымдалгандай, оңдоонун алкагында эски жыгач шпалдар толугу менен темир-бетон шпалдарга алмаштырылууда. Учурда иштер аяктоо алдында турат.

Ишке Жол чарбасы филиалынан 70тен ашуун жумушчу жана 5 атайын техника тартылган. Негизги максат - поезддердин коопсуз жана үзгүлтүксүз каттамын камсыз кылуу.

Белгилей кетсек, 2026-жылга карата жалпы 18 чакырымдык тилкеде ушундай оңдоо иштерин жүргүзүү пландалган. Айрым жерлерде оңдоо аяктаса, калган тилкелерде жумуштар уланууда.