> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 100 жаш жана андан жогорку - 178 жаран жашайт
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/30/kyrgyzstanda-100-zhash-zhana-andan-zhogorku-178-zharan-zhashait/
- Published: 2026-09-30T08:33:02.000Z
- Updated: 2026-09-30T08:33:02.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Улгайган адамдардын эл аралык күнүнүн алдында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Бишкек шаарында жашаган 100 жашка чыккан жарандардан кабар алды. КРнын Социалдык фондунун маалыматы боюнча, учурда республикада 100 жаш жана андан жогорку курактагы 178 жаран жашайт.**

> МинКабдын маалыматына караганда, алардын ичинен 21и Бишкек шаарында жашайт. Иш-чаранын алкагында Данияр Амангелдиев Кичикан Чолиева, Бурул Дүйшалиева жана Ефросинья Соколовадан кабар алды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан узак жашоочуларга белектер тапшырылып, материалдык жардам көрсөтүлдү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/6abcb435e520b-thumb.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/6abcb4435d0ac-thumb.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/6abcb45891b48-thumb.jpg)

Жолугушуулардын жүрүшүндө улуу муун өкүлдөрүнүн өмүр жолу, алардын эмгектик жана коомдук салымы, ошондой эле үй-бүлөлүк жана адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоодогу ролу тууралуу баарлашуулар болду.

Улгайган адамдардын эл аралык күнү жыл сайын 1-октябрда белгиленет. Бул дата улуу муун өкүлдөрүн колдоо, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерине, ошондой эле алардын коомду өнүктүрүүгө кошкон салымын таанууга көңүл бурууга багытталган.