> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик бажы кызматы психотроптук зат ташыган эл аралык каналды аныктады
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/30/mamlekettik-bazhy-kyzmaty-psikhotroptuk-zat-tashygan-el-aralyk-kanaldy-anyktady/
- Published: 2026-09-30T06:22:09.000Z
- Updated: 2026-09-30T06:22:08.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бажы кызматы ИИМ жана Орусиянын Федералдык бажы кызматы менен биргеликте Орусиядан Кыргызстанга "Альфа-PVP" психотроптук затын ташып кирүү каналын токтотту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.**

> Маалыматка караганда, Бишкекте 1995-жылы туулган М.Р.А. аттуу жаран жана анын жубайы М.Е.А. кармалды. Аба муздаткычтын ичинен 1 кг 126 грамм "Альфа-PVP" салынган брикет табылган. Үйүн тинтүү учурунда тараза, ZIP-баштыкчалар жана таңгактоочу каражаттар алынган.

Баңгизаттын баасы 4,9 млн сомдон ашат. 6800дөн ашык дозанын жүгүртүүгө түшүшүнө бөгөт коюлду.

Учурда каналдын башка катышуучуларын аныктоо иштери уланууда.