> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарында Ленин көчөсүн оңдоодо аныкталган кемчиликтер жоюлат
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/30/narynda-lenin-kochosun-ondoodo-anyktalgan-kemchilikter-zhoiulat/
- Published: 2026-09-30T11:51:05.000Z
- Updated: 2026-09-30T11:51:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы Нарын шаарындагы Ленин көчөсүндөгү капиталдык оңдоо иштеринин сапатын текшерди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.**

> Маалыматка ылайык, текшерүү Жол чарба департаменти, шаардык прокуратура, мэрия жана тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусунда комиссиялык түрдө өттү.

Жыйынтыгында суу өткөрүүчү лотокторду орнотууда жана тышкы жарыктандырууда долбоордон четтөөлөр жана айрым сапатсыз иштер аныкталган.

Кемчиликтерди жоюу боюнча Жол чарба департаментине көрсөтмө берилип, 2026-жылдын 10-октябрына чейин оңдоо иштерин талапка ылайык бүткөрүү тапшырылды.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**