> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ноокатта "Кыргыз-Ата" паркынын жерин ээлеп алгандарга 34 миң сом айып салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/30/nookatta-kyrgyz-ata-parkynyn-zherin-eelep-algandarga-34-min-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-09-30T03:50:36.000Z
- Updated: 2026-09-30T03:50:35.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Ош шаары жана облусу боюнча башкармалыгы "Кыргыз-Ата" жаратылыш паркынын Ноокат районундагы аймагында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.**

> Маалым болгондой, текшерүүдө 4 жергиликтүү тургун жерди уруксатсыз, мөөнөтү бүткөн келишим менен же чектен тышкары пайдаланып жатканы аныкталды.

Жыйынтыгында Укук бузуулар кодексинин 237, 239, 241-беренелери боюнча жалпы **34 миң сом** айып салынды. Мындан тышкары жер кыртышын бузгандыгы үчүн **127 миң 314 сом** доо коюлду.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**