> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Соцфондго 8 айда 9 миңден ашуун кайрылуу түштү
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/30/sotsfondgo-8-aida-9-minden-ashuun-kairyluu-tushtu/
- Published: 2026-09-30T04:03:42.000Z
- Updated: 2026-09-30T04:03:43.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**2026-жылдын январь-август айларында КРнын Социалдык фондунун Коомчулук менен иштөө башкармалыгына жарандардан 9 344 кайрылуу түштү. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашты.**

> Билдирүүгө караганда, жарандар көбүнчө ишеним телефондору аркылуу кайрылышкан. Кайрылуулардын жалпы саны **4 559** болгон. Алардын ичинен мобилдик ишеним телефону аркылуу **1 827**, ал эми “Түндүк” системасы аркылуу маалымат алуу үчүн **1 583** кайрылуу келип түшкөн. Мындан тышкары, оозеки түрдө **809**, жазуу жүзүндө **468** кайрылуу катталган.

Соцфонддун жетекчилигинин жеке кабыл алуусуна **49 жаран** кайрылса, «Пикир» порталы аркылуу **40**, «Биринчи кабылдама» («Биринчи радио») программасы аркылуу **9** кайрылуу болгон. Жарандарды негизинен төмөнкү маселелер кызыктырган:

- пенсияларды жогорулатуу жана индексациялоо;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери;
- пенсия дайындоо жана кайра эсептөө укугу;
- пенсиянын туура эсептелиши жана төлөмдөрдүн өз убагында берилиши;
- Мамлекеттик топтоо пенсия фондунун каражаттарын алуу, анын ичинде туруктуу жашоо үчүн чет өлкөгө көчүп кеткен учурдагы төлөмдөр.

Соцфонддун маалыматына ылайык, түшкөн бардык кайрылуулар боюнча жарандарга өз убагында кыргыз жана орус тилдеринде кеңири түшүндүрмөлөр берилип турган.