> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ганага расмий сапар менен барат
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/30/tyshky-ishter-ministri-zheenbek-kulubaev-ganaga-rasmii-sapar-menen-barat/
- Published: 2026-09-30T07:31:15.000Z
- Updated: 2026-09-30T07:31:14.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**30-сентябрдан 1-октябрга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Гананын Тышкы иштер министри Сэмюэл Окудзето Аблакванын чакыруусу менен Ганага расмий сапар жасайт. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, сапарда кыргыз-гана саясий консультациялары өтүп, эки тараптуу кызматташуу жана эл аралык маселелер талкууланат.

Жыйынтыгында кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда. Ошондой эле министр Гананын жогорку жетекчилиги менен жолугушат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**