> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Араванда Керме-Тоо айыл өкмөтүнө 8,4 млн сомдук техника тапшырылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/01/aravanda-kerme-too-aiyl-okmotuno-8-4-mln-somduk-tekhnika-tapshyryldy/
- Published: 2026-10-01T05:09:00.000Z
- Updated: 2026-10-01T05:08:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагына иш сапары менен барды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.**

> Маалым болгондой, сапардын алкагында айыл өкмөтүнүн балансына жалпы баасы **8 млн 400 миң сом** болгон 3 даана техника тапшырылды.

Анын ичинен 1 даана 20 орундуу Mercedes-Benz Sprinter Classic кичи автобусу Араван райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен алынган. Буга чейин президент Садыр Жапаров менен жолугушууда Кичик-Алай айылынын тургундары окуучулар 4-9 чакырым жөө жүрүп билим алып жатканын айтып, автобус суранышкан. Тендердин жыйынтыгында автобус **1 млн 400 миң сомго** сатып алынды.

Ал эми калган 2 техника - ассенизатор жана экскаватор Дүйнөлүк банктын АРИС программасынын алкагында берилди. Ар биринин баасы **3,5 млн сом**. Белгилей кетсек, аталган программа менен айыл аймакка 27 чакырым аралыктан таза суу тартылып келген.

Эми мектеп окуучуларын ташуу жана таза суу тармагын тейлөө ушул техникалар менен жүргүзүлөт.