> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Кантта" 3,2 млн сомдук бажы мыйзам бузуу аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/01/kantta-3-2-mln-somduk-bazhy-myizam-buzuu-anyktaldy/
- Published: 2026-10-01T07:18:55.000Z
- Updated: 2026-10-01T07:18:54.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**"Түндүк-Чыгыш" бажысы "Кант" бекетинде Европадан алып келинген эки жүк ташуучу унаа боюнча мыйзам бузууну аныктады. Бул тууралуу Бажы кызматы кабарлады.**

> Маалыматка караганда, Volvo FH жана DAF XF 480 унаалары документтерде алардын чыгарылган жылы так көрсөтүлгөн эмес.

Экспертиза көрсөткөндөй:

• Volvo FH - 2019-жылдын январь айында чыгарылган, кыймылдаткычы 12 800 см³

• DAF XF 480 - 2019-жылдын 15-21-июлунда чыгарылган, кыймылдаткычы 12 900 см³

Эки унаа боюнча төлөнбөй калган бажы төлөмү **3 млн 253 миң 354 сомду** түзгөн.

Материалдар Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп, мамлекетке келтирилген зыян толугу менен бюджетке өндүрүлдү.