> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кеминдеги оорукана арыкка агынды төгүп, 28 миң сом айыпка жыгылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/01/kemindegi-oorukana-arykka-agyndy-togup-28-min-som-aiypka-zhygyldy/
- Published: 2026-10-01T05:50:35.000Z
- Updated: 2026-10-01T05:50:34.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кемин районундагы Чым-Коргон психиатриялык ооруканасынын канализациясынан арыкка саркынды суулар агып жатканы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.**

> Маалымдалгандай, текшерүү учурунда лабораториялык изилдөө үчүн суудан үлгүлөр алынды. Жыйынтыгы боюнча баа берилет.

Факты боюнча мекемеге **28 миң сом** айып салынды.Башкы дарыгердин айтымында, буга фекалдык насостор жана компрессордун иштебей калышы себеп болгон. Насостор эки жумага жакын иштебей турган.

Учурда жетекчилик жабдууларды калыбына келтирүү аракетин көрүүдө. Компрессор сатып алууга тендер жарыяланган.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**