> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/01/kyrgyzstanda-ulgaigan-adamdardyn-sany-5-zhylda-25-ostu/
- Published: 2026-10-01T12:43:01.000Z
- Updated: 2026-10-01T12:43:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдардын саны акыркы беш жылда 146 миңден ашуунга же 25%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата маалымдады.**

Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2026-жылдын башына карата өлкөдө эмгекке жарамдуу курактан улуу **737 миң** адам катталган. Бул жалпы калктын **10%ын** түзөт.

Алардын ичинен 63 жаштан ашкан **эркектердин саны - 244 миң** болсо, 58 жаштан ашкан **аялдар - 493 миңди** түзөт. Башкача айтканда, бул курактагы аялдар эркектерге караганда 249 миңге көп.

> *Статистика комитети муну аялдардын эркектерге салыштырмалуу орточо узак жашары жана пенсияга беш жыл эрте чыгышы менен түшүндүрөт. Кыргызстанда *эркектердин орточо өмүр узактыгы 68,7* жаш болсо, *аялдарда бул көрсөткүч 76,9 жашты түзөт.**

БУУнун классификациясы боюнча, 65 жаш жана андан улуу адамдар жалпы калктын 7%дан көбүн түзсө, өлкө калкы улгайган деп эсептелет. Кыргызстанда 2026-жылдын башында бул курактагы жарандардын үлүшү 6,4% же 475 миңден ашуун адам болду. Бул өлкө калкы “карылыктын босогосунда турган” категорияга кирерин билдирет.

Салыштыруу үчүн, **65 жаштан жогорку** жарандардын үлүшү - **Казакстанда 9%, Азербайжанда 10%,** ал эми **Россия, Беларусь** жана **Молдовада 18%дан ашат**. БУУнун болжолдоосуна ылайык, **2030-жылга карата Кыргызстанда** 65 жаштан жогорку адамдардын үлүшү - **7%га жакындайт.**

Мындан тышкары, **2025-жылдын аягында** Социалдык фонддо жана башка мамлекеттик органдарда **868 миң пенсионер катталган**. Алардын 671 миңден ашууну же 77%ы жаш курагына байланыштуу пенсия алышат.

**2025-жылы** дайындалган **пенсиянын орточо өлчөмү 11 365** сомду түзгөн. **Бул** пенсионерлер үчүн белгиленген 7 699,36 сомдук **жашоо минимумунан 47,6%га жогору**.

Ошол эле жылы Социалдык фонддун жалпы чыгашаларынын 86%дан ашыгы пенсиялык камсыздоого багытталган.