> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Мадина” базарындагы өрттөн кийинки чыгымды аныктоо иштери жүрүп жатат
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/01/madina-bazaryndagy-ortton-kiiinki-chygymdy-anyktoo-ishteri-zhurup-zhatat/
- Published: 2026-10-01T08:41:03.000Z
- Updated: 2026-10-01T08:41:02.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын мэриясы “Мадина” базарындагы өрттөн жабыркагандарга компенсация төлөнүп жатканы тууралуу тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу, учурда өрттүн келип чыгуу жагдайларын жана келтирилген чыгымдын көлөмүн аныктоо боюнча иштер улантылып жатканын билдирди.**

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, келтирилген чыгымдын суммасы Свердлов райондук администрациясы тарабынан аныкталып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Ошол эле учурда тергөө иш-чаралары дагы деле уланууда. Тергөө иштеринин алкагында окуянын бардык жагдайлары, ошондой эле өрттүн келип чыгышына жооптуу адамдар аныкталууда.

> Ушуга байланыштуу жабыркагандарга компенсация төлөнбөйт деп айтууга азырынча эрте. Бул маселе боюнча тиешелүү иштер улантылууда.

Мындан аркы төлөмдөр жана компенсациялар маселеси тиешелүү тергөө жана текшерүү иш-чаралары аяктап, келтирилген чыгымдын акыркы өлчөмү аныкталгандан кийин каралат.

---

Эске салсак, 30-августта Бишкектеги “Мадина” базарынын аймагында өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, алгач базардагы контейнер күйгөн жана башка жактарга жайылган.