> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто Кыргызстандагы эң чоң мектептин курулушу аяктады
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/01/oshto-kyrgyzstandagy-en-chon-mekteptin-kurulushu-aiaktady/
- Published: 2026-10-01T09:24:23.000Z
- Updated: 2026-10-01T09:24:22.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Ош шаарында Салижан Жигитов атындагы 1200 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Объект Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.**

> Маалым болгондой, мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөттө 2500дөн ашык окуучу билим ала алат.

Курулуш 2026-жылдын мартында башталып, мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган. Старт берүү иш-чарасына президент Садыр Жапаров катышып, мезгил кутучасын салган.

Долбоорго ылайык, жалпы аянты 13 610 чарчы метрди түзгөн, беш блоктон турган төрт кабаттуу имарат курулду. Анда заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, эмгек жана компьютердик класстар, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар жана спорт залдары каралган. Мектептин аймагында футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары курулуп, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Курулуш иштери Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин көзөмөлүндө жүргүзүлдү.

Учурда курулуш толук аяктап, окуу процессин баштоого акыркы даярдыктар көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин бул жерде 1964-жылы курулган мектеп иштеп, анда 2000ге жакын окуучу билим алып келген.