> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Шакиранын концертине эң арзан билеттер бир саатта сатылып кетти
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/01/shakiranyn-kontsertine-en-arzan-biletter-bir-saatta-satylyp-ketti/
- Published: 2026-10-01T09:10:34.000Z
- Updated: 2026-10-01T09:10:33.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**18-октябрда “Бишкек Аренада” өтө турган дүйнөлүк жылдыз Шакиранын концертине билеттер бүгүн саат 09:00дө сатылышы башталган. Сатуу башталгандан кийин эле баасы 12 миң сом болгон эң арзан билеттер толугу менен сатылып кеткен. Саат 10:50гө карата ticket.gov.kg сайтында 22 миң сомдон 40 миң сомго чейинки билеттер гана жеткиликтүү болгон.**

Концерттин расмий билет оператору — GovTicket. Билеттердин баасы төмөнкүдөй белгиленген:

- фан-зона — 40 миң сом;
- бий аянтчасы (танцевальный партер) — 27 миң сом;
- Skybox — бир адамга 30 миң сом;
- отургуч орундар — 13,5 миң сомдон 40 миң сомго чейин;
- көрүнүшү чектелген орундар — 12 миң сом.

> Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, сахна стадиондун чыгыш трибунасына орнотулат. Сахнанын артындагы орундар көрүүчүлөр үчүн жабык болот. Ошондой эле чектелген сандагы VIP-билеттер кийинчерээк өзүнчө баа менен сатыкка чыгарылары маалым болду.

Эске салсак, Бишкек шаары ырчынын **Las Mujeres Ya No Lloran World Tour** дүйнөлүк гастролдук туруна кирген. Концертте Шакиранын белгилүү хиттери жана жаңы альбомундагы чыгармалары аткарылып, шоу ири сахналык коюу, хореография жана визуалдык эффекттер менен коштолот. Бул ырчынын Борбор Азиядагы алгачкы концерти болмокчу.