> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Азия оюндары: Жоломан Шаршенбеков - алтын медаль утуп алды
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/02/aziia-oiundary-zholoman-sharshenbekov-altyn-medal-utup-aldy/
- Published: 2026-10-02T04:25:44.000Z
- Updated: 2026-10-02T04:25:43.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстандын балбаны Жоломан Шаршенбеков Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль тагынды. Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында күрөш боюнча мелдештердин жүрүшүндө, байгелүү орундарды ээлеген спортчуларды сыйлоо аземи болуп өттү.**

> Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, 1-октябрда 60 кг чейинки салмак категориясында финалдык беттеш өтүп, анда Жоломан Шаршенбеков Өзбекстандын өкүлү Алишер Ганиев менен күрөштү. Кыргыз балбаны атаандашын 7:5 эсебинде жеңип, Азия оюндарынын чемпиону болуп калды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/10/7cde2be1-feee-432d-b0e6-4e6bb3219539.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/10/73de000a-a86b-401e-8905-e0360fa89ab3.jpg)

Ал эми 77 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан Акжол Махмудов коло медаль жеңди. Коло медаль үчүн беттеште Акжол Махмудов Кытайдын өкүлү Руи Лю менен кез келип, аны 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Ошондой эле Азия оюндарында кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг чейинки салмак категориясында кыргызстандык Айпери Медет кызы таймашууда. Ал Индиянын өкүлү Прия менен беттешип, 6:1 эсебинде жеңишке жетти. Бул жыйынтык менен Айпери Медет кызы мелдештин чейрек финалына чыкты.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/10/01M3XA95MGZKS83977E45HSQ11.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/10/cb7add14-28a4-431b-a9b6-389e165d82d5.jpg)

Мындан тышкары, кыргызстандык Эрлан Шеров 90 кг чейинки салмак категориясында жарым финалга жолдомо алды. Ал кийинки беттешинде Өзбекстандын өкүлү Нурбек Муртозоев менен күч сынашат.