> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде 3 миң доллар пара талап кылган директор кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/02/batkende-3-min-dollar-para-talap-kylgan-direktor-karmaldy/
- Published: 2026-10-02T04:42:48.000Z
- Updated: 2026-10-02T04:42:47.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Баткен облусунда пара талап кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады.**

> Министрлик билдиргендей, милицияга акча талап кылуу фактысы боюнча арыз келип түшкөн. Такталгандай, 15-сентябрда Кадамжай районундагы ЖЧКлардын биринин электр энергиясы жогорку чыңалуудагы линияга байланыштуу кемчиликтер жоюлбагандыктан өчүрүлгөн.

22-сентябрда Баткен облустук электр тармактар ишканасынын директору ЖЧКнын жетекчиси менен сүйлөшүүдө электр энергиясын кайра жандыруу жана кемчиликтерди жоюуга убакыт берүү үчүн **3 миң АКШ долларын** талап кылган.

27-сентябрдагы жолугушууда арыз ээси акчаны бере албай турганын билдирген. Бирок директор акчаны Кадамжай райондук электр тармактарынын башчысына берүүнү айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Баткен ОИИБнын Тергөө кызматынын кызматкерлери Баткен облустук электр тармактар ишканасынын директору 1975-жылы туулган М.К.ны кармашкан.

Учурда шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилди.