> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектиги завод 323 миң тонна таштанды иштеп чыгарды
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/02/bishkektigi-zavod-323-min-tonna-tashtandy-ishtep-chygardy/
- Published: 2026-10-02T06:41:35.000Z
- Updated: 2026-10-02T06:41:34.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев шаарды өнүктүрүүгө карата өткөрүлгөн 2-октябрдагы илимий-практикалык конференцияда таштандыларды кайра иштеп чыгаруучу завод 323 миң тонна таштандыны иштеп чыгарганын билдирди.** 

Анын сөзүнө караганда мурун таштандылар жөн гана таштандыга ташталчу. Азыр болсо иштелип чыгарылууда. 

> "Биз таштандыларды иштеп чыгаруучу жаңы заводдорду куруп, кыш жана шиферлерди өндүрөбүз"-деди Жунушалиев. 

Долбоордун наркы **230 миллион долларлык** 2-этабы башталып жатат. 

Мэрдин сөзүнө караганда курулуштар бүткөн соң Чүй облусун таштандыдан тазалоого мүмкүн болот. Таштандыны кайра иштетүүнүн көлөмүн 400 миң тоннага чейин жеткирүүгө болот. 

Мэр долбоордун 2-этабы аяктагандан кийин пайда болгон таштандылардын баарын кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөрүн белгиледи.