> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Чоң-Капка" өткөрмө пунктунан 1,3 млн сомдук эсепке алынбаган товар кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/02/chon-kapka-otkormo-punktunan-1-3-mln-somduk-esepke-alynbagan-tovar-karmaldy/
- Published: 2026-10-02T06:11:36.000Z
- Updated: 2026-10-02T06:11:36.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Мамлекеттик салык кызматы Чек ара кызматы менен биргеликте "Чоң-Капка" өткөрмө пунктунда мыйзамсыз жүк ташууну аныктады. Бул тууралуу Салык кызматыны кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, текшерүүдө Mercedes-Benz Atego жүк унаасынан эсепке алынбаган товарлар табылган. Айдоочу эсеп-фактура жана коштомо документтерди көрсөтө алган эмес.

Табылгандар товарлар - телефон каптары, аэрозолдор, чарбалык пластиналар, вулканизация үчүн жабдуулар жана материалдар. Алдын ала баасы - **1,3 млн сом**.

Факты боюнча текшерүү жүрүп, салык мыйзамдарына ылайык чара көрүлүүдө.

Алдын ала эсеп боюнча төлөнбөй калган салык - **160 миң сом**. Мындан тышкары документсиз ташуу үчүн **300 миң сом** айып пул каралган.