> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/02/kamkorduk-aiy-bishkek-osh-zhana-karakol-shaarlarynda-belgilenip-zhatat/
- Published: 2026-10-02T12:49:45.000Z
- Updated: 2026-10-02T12:49:45.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди.**

> Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар болду.

Мындан сырткары, өлкө боюнча 100 жаштан ашкан карыяларга өзгөчө камкордук катары Соцфонддун демилгеси менен 10 000 сомдон бир жолку акчалай төлөм жана атайын белектер тапшырылды.

Каракол шаарында улуу муундун өкүлдөрүн жеринен куттуктоого КР Минкаб Төрагасынын орун басары У. Маматканов жана КР Соцфондунун төрагасы Б.Алиев катышты. Ушундай эле сапарлар өлкөнүн бардык аймактарында уюштурулду.