> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Караколдо ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/02/karakoldo-ishkerlerdin-ukuktaryn-korgoo-boiuncha-tushunduruu-ishteri-zhurguzuldu/
- Published: 2026-10-02T10:51:58.000Z
- Updated: 2026-10-02T10:51:57.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**30-сентябрда Каракол шаардык прокуратурасы ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча профилактикалык иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.**

> Маалымдалгандай, иш-чара президенттин 2022-жылдын 7-декабрындагы №388 Жарлыгынын - "Ишкердик субъекттерине жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө" - талаптарын камсыз кылуу максатында уюштурулду.

Негизги максат - ишкерлердин укуктарын коргоо, мыйзамсыз текшерүүлөрдүн алдын алуу жана көзөмөл органдарынын ишинде ачык-айкындуулукту камсыз кылуу.

Түшүндүрүү иштеринде ишкерлердин суроолоруна жооп берилип, мыйзам нормалары тууралуу маалымат берилди. Прокуратура мындай иш-чаралар туруктуу улантыларын билдирди.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**