> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Контролдоо пункттарындагы төлөмдөр толугу менен санариптештирилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/02/kontroldoo-punkttaryndagy-tolomdor-tolugu-menen-sanaripteshtirildi/
- Published: 2026-10-02T11:49:38.000Z
- Updated: 2026-10-02T11:49:37.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Өлкөдөгү контролдоо пункттарындагы абалды көзөмөлдөө жана төлөм жүргүзүү процесси автоматташтырылды. Учурда пункттардагы кырдаал 24/7 онлайн көзөмөлдөнүп турат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.**

> Маалыматка караганда, бул система төлөмдөрдүн ачыктыгын камсыз кылып, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.

2025-жылга чейин айдоочулар төлөмдөрдү кызматкерлер аркылуу жүргүзүп келишкен. Азыр төлөмдү QR-код, терминал же банк картасы аркылуу өз алдынча жүргүзсө болот. Ошондой эле жолго чыга электе эле электрондук капчык аркылуу алдын ала төлөө мүмкүнчүлүгү бар.

Санариптештирүүнүн натыйжасында казынага түшкөн каражат көбөйгөн. 2019-жылы **64 млн сом** түшсө, 2025-жылы бул көрсөткүч **300 млн сомдон** ашкан. 2026-жылдын 10 айында эле **291 млн сомдон** ашык каражат түшкөн.

Транспорт министрлиги бул багыттагы иштерди мындан ары да улантарын билдирди.