> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан кантты импорттоону кыскартышы мүмкүн
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/02/kyrgyzstan-kantty-importtoonu-kyskartyshy-mumkun/
- Published: 2026-10-02T05:14:56.000Z
- Updated: 2026-10-02T05:14:55.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешинде кантты импорттоону чектөө жаатында талкуу болду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

> Маалыматка ылайык, токтомдун долбоору азырынча даяр эмес, долбоор жеке ассоциациялар менен макулдашылат. Документ коомдук талкууга 2-октябрда чыгышы мүмкүндүгүн түшүндүрүштү министрликтен.

Кантты алып келүү бул жылы 2025-жылы алынып келинген көлөмдөн ашып кеткен. Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсү боюнча Кыргызстан 2026-жылдын январь-июль аралыгында **36 миң долларга** 76 миң тонна кант импорттогон. Негизги камсыздоочу Бразилия болду, ал жактан 29, 9 миң тонна алынып келинген. 2-орунда Орусия болуп 21,2 миң тонна саткан. 2025-жылы жалпы 31 миллион долларга 48, 8 миң тонна кант алынып келинген.

Жергиликтүү кант өндүрүүчүлөр кант менен калкты толук камсыздай албайт. Өткөн жылы 68 миң тонна кант өндүрүшкөн. Өлкө 1 жылда 140-150 миң тонна кант керектейт.

Импортту чектөө канттын баасынын өсүшүнө жеткириши мүмкүн. 2024-жылы Казакстан ушундай эле абалга туш келип, бирок ведомстволор аралык комиссиясы импортту чектөөдөн канттын тартыштыгы келип чыгышы мүмкүн экендигин белгилегенде чектөөдөн баш тарткан.