> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан кофени импорттоону 50 пайыздан ашыкка көбөйттү
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/02/kyrgyzstan-kofeni-importtoonu-50-paiyzdan-ashykka-koboittu/
- Published: 2026-10-02T07:44:08.000Z
- Updated: 2026-10-02T07:44:07.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом, Кызыктуу

**Кыргызстан 2026-жылы 9 ай ичинде 3 өлкөдөн 199,3 тонна кофе импорттоду. Бул өткөн жыл боюнча салыштырганда көп. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.**

> Маалымдалгандай, 2025-жылы жыл ичинде импорттун көлөмү 131 тоннаны түзгөн, 2024-жылы болсо 117,8 тонна алынып келинген. Бул жылы 9 ай ичинде 2025-жылга караганда 52,2 пайыз көп импорттолгон. 2024-жылга караганда 70 пайызга көп. 

Башкы камсыздоочу Өзбекстан болду, ал жактан 94,9 тонна алынып келинген. Андан кийинки орунда Литва 49,6 тонна, Латвия 20 тонна, Эстония 13, 2 тонна, Италия 4,9 тонна, Түркия 4,7 тонна, Улуу Британия 4,2 тонна экспорттогон. 

Ошондой эле Германия, Румыния, Сингапур, Франция, БАЭ, Угандыдан да алынып келинген. 2024-жылга салыштырмалыуу импорттун көлөмү 81,5 тоннага өскөн.