> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Монголия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты талкуулады
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/02/kyrgyzstan-menen-mongoliia-bilim-beruu-tarmagyndagy-kyzmattashtykty-talkuulady/
- Published: 2026-10-02T09:07:43.000Z
- Updated: 2026-10-02T09:07:42.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, министр билим берүүдөгү реформалар тууралуу маалымат берип, мектепке чейинки билим берүү, окуучуларга эрте кесиптик багыт берүү, кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга басым жасалып жатканын белгиледи.

Реформалар эмгек рыногунун талабына ылайык кадр даярдоого багытталган.

Элчи эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгын тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**