> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жогорку кеңештин спикери Франциянын Сенатынын вице-президенти менен парламенттер аралык байланыштар боюнча талкуу жүргүздү
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/02/zhogorku-keneshtin-spikeri-frantsiianyn-senatynyn-vitse-prezidenti-menen-parlamentter-aralyk-bailanyshtar-boiuncha-talkuu-zhurguzdu/
- Published: 2026-10-02T06:24:18.000Z
- Updated: 2026-10-02T06:33:21.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев 1-октябрда Францияга болгон расмий сапарынын рамкасында Франциянын Сенатынын вице-президенти Лоик Эрве менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.**

> Маалым болгондой, тараптар учурдагы абал жана парламенттер аралык кызматташтыктын келечеги, ошондой эле эки өлкөнүн мыйзам чыгаруучу органдарынын байланышын бекемдөө, достукту өнүктүрүү жана расмий иш сапарларды жогорку деңгээлде уюштуруу жаатында талкуу жүргүзүштү. Соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштар, ошондой эле билим берүү, туризм жана маданият сферасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары, Франциянын сенатару, Кыргызстан боюнча"Франция-Борбордук Азия" Парламенттер аралык достук тобу делегациясынын жетекчиси Надя Соллогуб катышты. Жолугушуудан кийин депутаттар Франциянын Сенатынын иши, анын түзүмү, мыйзам чыгаруу процессиндеги ролу менен таанышышты. 

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**