> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/03/bishkek-arenanyn-achylyshynda-koopsuzduktu-5-min-militsiia-kyzmatkeri-kamsyzdait/
- Published: 2026-10-03T07:09:48.000Z
- Updated: 2026-10-03T07:09:47.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**5-октябрда Бишкекте жаңы "Бишкек Аренанын" расмий ачылыш аземи өтөт. Шаар тургундары жана коноктор үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт даярдалган.** 

> ИИМдин маалыматы боюнча, көрүүчүлөр көп келиши күтүлгөндүктөн коопсуздук күчөтүлгөн тартипте уюштурулат. Коомдук тартипти камсыздоого 5 миң кызматкер тартылат. Аренанын айланасында жеке унаалардын киришине убактылуу чектөө киргизилет. Көрүүчүлөр үчүн атайын шаттл-автобустар иштейт.

ИИМ жарандарды маршрутун алдын ала пландап, коомдук транспортту колдонууга чакырды.

Ошондой эле 5-октябрда Бишкектеги мамлекеттик, муниципалдык жана билим берүү мекемелери онлайн форматка өтөт.