> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/04/bishkekte-zhyldyn-mykty-mugalimi-2026-synagynyn-zhenuuchuloru-syilandy/
- Published: 2026-10-04T09:19:23.000Z
- Updated: 2026-10-04T09:19:22.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады.**

> Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге **60, 80 жана 100 миң сомдук** сертификаттар берилди.

Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ болду:

• №84 мектептин мугалими Нургүл Карыбековага - Chevrolet Cobalt автоунаасы

• №118 мектептин мугалими Жылдыз Белековага - Chevrolet Tracker автоунаасы

• Эң жогорку жыйынтык көрсөткөн №31 мектептин музыка мугалими Нурбек Айдарбек уулуна - "Асман Резиденс" комплексинен 1 бөлмөлүү батир жана 500 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Ошондой эле билим берүү тармагында өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Ардак грамоталар, төш белгилер жана баалуу белектер берилди.