> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/04/kyrgyzstanga-golden-eagle-turisttik-poezdi-kairadan-keldi/
- Published: 2026-10-04T10:26:13.000Z
- Updated: 2026-10-04T10:26:12.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Туристтердин арасында Европа, АКШ, Жаңы Зеландия, Кытай, Австралия жана Мексикадан келген саякатчылар бар.

Сапардын алкагында 1-октябрда коноктор Балыкчы шаарына барып, Ысык-Көлдөгү туристтик жайлар менен таанышса, 2-октябрда Бишкектин тарыхый жана маданий жайларын кыдырат.

Бул каттам Улуу Жибек жолунун багытында уюштурулуп, Кыргызстанды эл аралык туризм борбору катары таанытууга багытталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/10/829407029_18095804606400035_6310764427439689097_n-2.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/10/833573731_18095804669400035_5355955459923509583_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/10/834200307_18095804624400035_521181411994938876_n.jpg)