> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири өттү
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/04/oshto-kyrgyzstan-tarykhynda-algachky-zholu-turksen-3-el-aralyk-boks-turniri-ottu/
- Published: 2026-10-04T06:09:58.000Z
- Updated: 2026-10-04T06:09:57.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**3-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата Кыргызстанда алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири жана Ош шаарынын мэринин кубогу үчүн мелдеш өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, турнирдин ардактуу коногу легендарлуу бокс чебери Рой Джонс болду. Ачылыш аземде мэр Жанарбек Акаев мындай ири спорттук иш-чаранын Ош шаарында өтүшү өзгөчө сыймык экенин белгилеп, спортчуларга ийгилик каалады.

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана Кыргыз профессионалдык бокс лигасынын президенти Шайлообек Атазов катышты.

Мелдешке эл аралык мушкерлер катышып, жыйынтыгында кыргызстандык Мирзохид Имамназаров чемпиондук курга ээ болсо, Ош шаарынын мэринин кубогун Ыйман Байзаев жеңип алды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/10/833347187_1097600739636058_1815139997607669875_n.png.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/10/832404995_2870471896669136_1656625545638749937_n.png.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/10/832135165_1659107589043900_7528426914807313899_n.png.jpeg)