> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Ала-Арчада" от жаккан 2 жаранга 15 миң сом айып салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/05/ala-archada-ot-zhakkan-2-zharanga-15-min-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-10-05T06:38:46.000Z
- Updated: 2026-10-05T06:38:45.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы "Ала-Арча" жаратылыш паркынын Кайың токойу аймагында рейд өткөрдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди.**

> Маалымдалгандай, рейд токойлорду өрттөн коргоо максатында уюштурулган. Текшерүүдө токойдо от жагууга тыюу салынганына карабастан, от жаккан жарандар аныкталды.

Аларга карата 2 протокол түзүлүп, ар бирине **7 500 сомдон**, жалпы **15 000 сом** айып пул салынды.

Ошондой эле жарандарга өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.