> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/05/kyrgyzstanda-sasyk-tumoogo-karshy-emdoo-bashtaldy/
- Published: 2026-10-05T12:07:44.000Z
- Updated: 2026-10-05T12:07:43.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакциналар алынып келинип, аймактарга таратылып берилди. Бишкектеги үй-бүлөлүк мединалык борборлордо эмдөө башталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаменти башкармалыгынын жетекчиси Динара Оторбаева "Биринчи радиодон" чыгып сүйлөгөндө билдирди.**

Динара Отунбаеванын сөзүнө караганда биринчи кезекте ооруну жуктуруп алуу коркунучу жогоркулар бекер эмделет. Алар:

- Өнөкөт оорусу бар жарандар
- Кош бойлуу аялдар
- Көп ооручу кичинекей балдар
- Медицина кызматкерлери
- 65 жаштан жогорку адамдар

> Оторбаева эмдөө оорунун оор өтүшү жана кабылдап кетиши кооптулуугун төмөндөтүүгө багытталганын түшүндүрдү. "Бул деген адам такыр оорубайт дегендик эмес, бирок оору жеңил өтүшү мүмкүн", -деди ал. 

Башка каалоочулар эмдөө жүргүзүүго уруксат берилген жеке клиникалардан төлөө жолдору менен эмдөө ала алышат.