> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Лебединовка - ГЭС-5 жолунун курулушу 99% аяктады
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/05/lebedinovka-ges-5-zholunun-kurulushu-99-aiaktady/
- Published: 2026-10-05T04:04:50.000Z
- Updated: 2026-10-05T04:04:50.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Лебединовка - ГЭС-5 автожолу президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулууда. Бүгүнкү күндө курулуш иштери 99%га бүткөрүлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.**

> Маалымдалгандай, мурда эки тилкелүү болгон жол төрт тилкеге чейин кеңейтилип, заманбап талаптарга ылайыкташтырылды. Мындан тышкары кошумча тилке да курулду.

Жолдун жарыктандыруу системасы кечээтен тарта ишке кирди. Бул түнкү убакта айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуздукту камсыздап, ыңгайлуу шарт түзөт.

Жол инфраструктурасынын жаңыланышы Бишкек шаарынын кире беришин жакшыртып, транспорттук жеткиликтүүлүктү арттырууга багытталган.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**