> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Локомотив" комплексинде муз тебүүчү аянтча ачылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/06/lokomotiv-kompleksinde-muz-tebuuchu-aiantcha-achyldy/
- Published: 2026-10-06T10:44:39.000Z
- Updated: 2026-10-06T10:44:38.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн, 6-октябрда "Локомотив" спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинде муз тебүүчү аянтчасы ачылды. Бул тууралуу Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасынан билдиришет.**

Жаңы сезондун ачылышы менен "Локомотив" спорттук-ден соолукту чыңдоо комплекси балдарды, чоңдорду активдүү эс алууга чакырат. Бул жерде көркөм муз тебүү, хоккей, футбол, бий жана башка багыттар боюнча секциялар иштейт.

Жалпы аянты ****1122 чарчы метр** болгон муз аянтчасында бир убакта 150 адам боло алат. Көрүүчүлөр үчүн ****850дөн ашык орун** каралган.

**Иштөө убактысы:** Муз тебүүчү жай күн сайын саат 10:00дөн 24:00гө чейин ачык.

**Баалары:** 14 жашка чейинки балдар үчүн: 1 саатка 380 сом (коньки ижарасы кошулган). Чоңдор үчүн: 1 саатка 500 сом (коньки ижарасы кошулган).

Билеттерди муз тебүүчү жайдын кире беришиндеги кассадан сатып алууга болот.