> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/07/bishkekte-kyrgyz-britan-konsultatsiialary-ottu/
- Published: 2026-10-07T12:42:21.000Z
- Updated: 2026-10-07T12:42:21.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.**

> Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги мүчөлүгүнө даярдыгына бурулду.

Тараптар БУУнун алкагында конструктивдүү кызматташтыкты улантууга даяр экенин ырасташты.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**