> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/07/energetikalyk-suusunduktardy-zhugurtuu-zhana-zhashy-zhete-elekterge-sozdana-vremennaia-deputatskaia-komissiia-po-kompleksnomu-izucheniiu-oborota-energeticheskikh-napitkov-i-ikh-dostupno/
- Published: 2026-10-07T12:21:06.000Z
- Updated: 2026-10-07T12:34:10.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.** 

Бул маселени "Ынтымак-Мекенчил" депутаттык тобу көтөрүп чыкты. Бул жааттагы маселеге жоопту "Ынтымак-Мекенчил" тобунун жетекчиси Талант Мамытов берди.

Комиссиянын курамына депутаттар Азамат Исираилов, Азамжан Жалилов, Жаныбек Аматов, Адилет Белеков, Талант Мамытов, Чолпонбай уулу Бекмырза, Нуржамал Төрөбекова, Илимбек Кубанычбеков, Махабат Мавлянова, Дастанбек Жумабеков, Алишер Козуев кирди.