> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик кызматтар: маалымат берүүдө бирдиктүү талаптарды киргизүү сунушталууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/07/mamlekettik-kyzmattar-maalymat-beruudo-birdiktuu-talaptardy-kirgizuu-sunushtaluuda/
- Published: 2026-10-07T05:01:47.000Z
- Updated: 2026-10-07T05:01:46.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстанда мамлекеттик, муниципалдык жана жарандык-укуктук кызматтар тууралуу маалымат берүү тартибин бирдиктүү талаптарга келтирүү сунушталууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин тиешелүү долбоору коомдук талкууга коюлду.**

****Долбоордун максаты** — жарандар кызмат алууга кайрыла электе анын шарттары, талап кылынган документтери, мөөнөтү, баасы, жеңилдиктери, баш тартуу негиздери жана даттануу тартиби тууралуу толук, ишенимдүү жана актуалдуу маалымат ала алышын камсыз кылуу болуп саналат.

> Документте белгиленгендей, учурда **бир эле кызмат** **тууралуу** маалымат мамлекеттик органдардын сайттарында, мамлекеттик маалыматтык системаларда жана башка каналдарда ар кандай көлөмдө жайгашып, ар башка убакта жаңыланышы жарандар үчүн керектүү **маалыматты табууну кыйындатып** жатат.

Ал эми **долбоор кабыл алынса** \- ар бир кызмат боюнча **бирдиктүү** маалыматтык карточка түзүлөт. Анда кызмат тууралуу негизги маалыматтар камтылып, кызматтын администратору негизги маалымат булагын жана жооптуу адамды аныктайт.

****Кызмат көрсөтүүчү тарап -** маалыматтык карточкага түз шилтеме жайгаштырып, кызмат көрсөтүлгөн жерде кыскача маалымат баракчасын да берүүгө тийиш болот. Эгер бир кызматты бир нече мекеме көрсөтсө, алардын ар бири өзүнчө маалыматтык карточка түзбөйт, болгону өзүнө тиешелүү жергиликтүү маалыматтарды толуктайт.

Мындан тышкары, **“Түндүк” системасы** аркылуу же башка мамлекеттик санариптик ресурстардан **жеткиликтүү болгон документтерди** жарандардан **кайра талап кылууга болбойт**. Мындай маалыматтарды **кызмат көрсөтүүчү өзү** алууга тийиш**. Акы төлөнүүчү кызматтар** боюнча маалыматта төлөмдүн өлчөмү же аны аныктоо **тартиби, жеңилдиктер, комиссиялар** жана жеткиликтүү төлөө ыкмалары **көрсөтүлөт.** Техникалык мүмкүнчүлүк болсо, төлөм шилтемеси же QR-код да жайгаштырылышы мүмкүн.

Ошондой эле маалыматтарды башка мамлекеттик санариптик ресурстарга техникалык мүмкүнчүлүккө жараша автоматтык жана түзүмдөлгөн форматта берүү каралууда.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн администраторлору маалыматтын толуктугун, ишенимдүүлүгүн жана актуалдуулугун кеминде жарым жылда бир жолу текшерип турууга тийиш.

****Буйрук күчүнө киргенден кийин** кызмат көрсөтүүлөрдүн администраторлору бир айдын ичинде ар бир кызмат боюнча жооптуу адамдарды жана негизги маалымат булагын аныкташы керек. Ал эми үч айдын ичинде маалыматтык карточкаларды бекитип, кыскача маалымат баракчаларын даярдап, буга чейин жайгаштырылган маалыматтарды жаңы талаптарга ылайык келтирүү каралган.