> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/08/oshto-koomduk-koopsuzduk-boiuncha-kop-funktsionalduu-borbor-achyldy/
- Published: 2026-10-08T12:20:10.000Z
- Updated: 2026-10-08T12:20:09.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты.**

> Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Мындан тышкары, борбордо жергиликтүү тургундар, балдар жана жаштар үчүн окуу-тренингдер, жолугушуулар, спорттук жана социалдык иш-чаралар өткөрүлөт.

Борбор Европа Биримдиги тарабынан каржыланган Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын ортосундагы чек ара аймактарын өнүктүрүү демилгесинин (CDI) алкагында курулган. Долбоор Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Фонду тарабынан «Тоолуу коомдорду өнүктүрүүнү колдоо программасы» (MSDSP) аркылуу, Улуу Британиядагы Ага Хан Фондунун колдоосу менен ишке ашырылган.