> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Партадан башталган стартап
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/09/partadan-bashtalgan-startap/
- Published: 2026-10-09T06:27:26.000Z
- Updated: 2026-10-09T06:27:25.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом, Кызыктуу

**Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду - “Партадан башталган стартап” атту сынакты уюштурууда. Сынакка билдирүүлөрдү кабыл алуу 2026- жылдын 2- ноябрына чейин созулат.**

> Билдирүүгө караганда, сынак мектепте же колледжде окуп, өз бизнес-идеясын ишке ашырууну кыялданган жаштарга арналат.

### **Сынактын максаты:**

· Мектеп окуучуларынын, орто кесиптик билим берүү уюмдарынын 15-18 жашка чейинки студенттеринин инновациялык активдүүлүгүн жогорулатуу;  
· ишкердик компетенцияларын өнүктүрүү;  
· келечектүү бизнес-идеяларды жана стартап-долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүү.

### **Эмне кылуу керек ?**

Социалдык, экономикалык, экологиялык же технологиялык актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган өзүңдүн инновациялык бизнес-идеясын же стартап-долбоору сунуштоо талап кылынат.

Анын натыйжасында, жаштардын идеяларын эксперттерге тааныштыруу мүмкүнчүлүгү түзулуп, алардын ишкердик жана лидерлик көндүмдөрү өнүктүрүлмөкчү. Ал эми эң мыкты долбоорлорго колдоо көрсөтүү жана аларды мындан ары ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү сунушталмакчы.

Өтүнмөлөрдү кабыл алуу 2026-жылдын 2-ноябрына чейин жүргүзүлөт. Толук маалымат: 0222-29-08-59, 0709-71-11-09