> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түштүккө 10 миң тонна жер семирткич социалдык баада берилет
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/09/tushtukko-10-min-tonna-zher-semirtkich-sotsialdyk-baada-berilet/
- Published: 2026-10-09T07:39:46.000Z
- Updated: 2026-10-09T07:39:46.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун төрагалыгында "Кыргыз Агрохолдинг" ААКтын Координациялык кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, жыйында фермерлерди колдоо, мал чарбасын өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо маселелери талкууланды.

Кеңеш түштүк аймактарга 10 миң тонна минералдык жер семирткичти социалдык баада жеткирүү боюнча пилоттук долбоорду жактырды. Долбоордун наркы - 394,3 млн сом.

Ошондой эле Чүй облусунда эт кластерин түзүү долбоору колдоого алынды. Анын алкагында 2027-жылы 10 миң баш малды бордоп семиртүү пландалууда.

Мындан тышкары:

• фермерлерди асыл тукум кунаажындар менен камсыздоо жана 3% менен насыя берүү;

• "Мал-Аман" жана "Асыл тукум" борборлорун түзүү. Алгач "Мал-Аманга" 1500гө жакын ветеринар бириктирилип, айлык маяна төлөнөт. Алар эмдөө, кан үлгүсүн алуу сыяктуу мамлекеттик иштерди аткарып, акы төлөнүүчү кызмат да көрсөтөт;

• кытайлык өнөктөштөр менен "Агрокомпа" биргелешкен ишканасын түзүү.

Жыйында 23-25-октябрда Бишкекте өтө турган "АгроТехЭкспо-2026" көргөзмөсүнө жана "Алтын күз" жарманкесине даярдык да талкууланды.