> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/10/50-min-somgo-zhasalma-iphone-satkan-zharan-karmaldy/
- Published: 2026-10-10T10:13:00.000Z
- Updated: 2026-10-10T10:12:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.**

> Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, **50 миң сомго** iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма экени аныкталган. IMEI код текшерилгенде телефондун ордуна смарт-сааттын маалыматы чыккан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 1984-жылы туулган М.И. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.Тергөөдө ушул сыяктуу башка фактылар да аныкталууда. Учурда тергөө уланууда.