> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/10/ishkerlerge-fitosanitardyk-talaptardy-buzgandar-zhazalanaary-aityldy/
- Published: 2026-10-10T09:27:00.000Z
- Updated: 2026-10-10T09:26:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

> Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Өзгөртүүлөргө ылайык, карантинге алынуучу продукцияларга жана объекттерге карата ветеринардык, фитосанитардык жана тамак-аш коопсуздугу жаатындагы көзөмөлгө мораторийден өзгөчөлүк каралган.

Мыйзам бузуу аныкталса, инспекторлор айып пул салуу жана ишкананын ишин токтотуу сыяктуу чараларды көрө алат. Бул өзгөртүүлөр жугуштуу оорулардын жана тамак-аштан уулануунун алдын алууга багытталган.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**