> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/10/mamlekettik-bazhy-kyzmatynda-zhetekchi-almashty/
- Published: 2026-10-10T11:26:00.000Z
- Updated: 2026-10-10T11:26:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти.**

Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору" жогорку атайын наамы ыйгарылган.

> Маалым болгондой, анын ордуна Улан Кимсанов Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. 

Ал буга чейин 2021-жылдын июлунан бери төраганын биринчи орун басары болуп иштеп келген. Ал бажы органдарындагы кызматын 1997-жылдын июнунан баштаган.

Кимсанов 1995-жылы Кыргыз тоо-металлургиялык институтун, 2001-жылы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча, 2011-жылы Президентке караштуу Башкаруу академиясын аяктаган.