> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Асыл тукум заводдо кант кызылчасы үчүн жаңы комбайндар сыналды
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/12/asyl-tukum-zavoddo-kant-kyzylchasy-uchun-zhany-kombaindar-synaldy/
- Published: 2026-10-12T07:43:26.000Z
- Updated: 2026-10-12T07:43:26.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Айыл чарба министрлигине караштуу "Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводу" кант кызылчасын өстүрүүдө жаңы технологияларды сыноодо. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.**

> Маалымдалгандай, быйыл чарбада пилоттук негизде 10 гектарга Германия жана Франциядан алынган эки сорт үрөн себилип, абалы жакшы деп бааланууда.

2025-жылы завод Беларустан атайын комбайндар - жалбырак кесүүчү жана тамыр казуучу техникалар менен камсыз болгон. Алар түшүм жыйноону жеңилдетип, убакытты үнөмдөйт.

Бул техникалар Сокулук районунун дыйкандарына да жеткиликтүү. Фермерлер 10% жеңилдик менен ижарага ала алат.

Министрлик бул ыкма кол эмгегин азайтып, чыгымды кыскартып, түшүм жыйноонун натыйжалуулугун жогорулатарын билдирди.