> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекке дагы 1600 автобус жетишсиз
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/12/bishkekke-dagy-1600-avtobus-zhetishsiz/
- Published: 2026-10-12T09:33:15.000Z
- Updated: 2026-10-12T09:33:14.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкекке жөө жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн дагы 1600 автобус жетишсиз. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев УТРКга берген маегинде билдирди.**

Шаар башчысынын айтымында, азыр шаарда 1500 автобус жүргүнчүлөрдү тейлеп жатат.

> "Жаңы конуштарды транспорт менен камсыз кылуу жана аларды Чүй облусунун жакынкы айылдарына чейин узартуу маселеси бар", - деди Айбек Жунушалиев.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, борбор калаада күнүнө каттамга 1200 автобус чыгат. Социалдык тармак колдонуучулары коомдук транспортто жүрүү маданияты айдоочуларда да, жүргүнчүлөрдө да калыптана электигин айтып келишет.