> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/12/oshto-zhanylangan-chek-ara-kompleksi-paidalanuuga-berildi/
- Published: 2026-10-12T11:44:00.000Z
- Updated: 2026-10-12T11:43:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты.

Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана Баткендеги "Өрүк-Зар" заставалары да пайдаланууга берилди.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев жана Чек ара кызматынын төрагасы Данияр Сатимов катышты.

Бардык объекттер республикалык бюджеттин эсебинен курулду.