> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги №91 мектептин жаңы корпусунун курулушу аяктады
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/13/bishkektegi-91-mekteptin-zhany-korpusunun-kurulushu-aiaktady/
- Published: 2026-10-13T08:23:00.000Z
- Updated: 2026-10-13T08:22:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталган Бишкек шаарынынясно Кара-Жыгач конушундагы №91 мектептин 750 орундуу жаңы корпусунун курулушуу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу КРнын Курулуш министрлигинен кабарлашты.**

> Жалпы аянты 8 234 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имаратта окуу класстары, лабораториялык, компьютердик, эмгек жана музыка кабинеттер, медициналык кабинет, китепкана, ашкана, спорт жана жыйындар залдары каралган. Билдирүүгө караганда, мектеп толугу менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Ал заманбап инженердик-коммуникациялык системалар менен жабдылып, окуу класстарына суу түтүктөрү тартылган. Ошондой эле жаңы эмеректер, эргономикалык парталар жана отургучтар орнотулууда. Бүгүнкү күндө имараттын ички жана сырткы жасалгалоо, ошондой эле аймагын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Жаңы корпус пайдаланууга берилгенден кийин мектепте эки нөөмөт менен 2 миңге жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзүлмөкчү.