> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 8 миңден ашык окуучу япониялык система менен тест тапшырды
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/14/kyrgyzstanda-8-minden-ashyk-okuuchu-iaponiialyk-sistema-menen-test-tapshyrdy/
- Published: 2026-10-14T07:20:00.000Z
- Updated: 2026-10-14T07:19:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстанда япониялык TOFAS математикалык баалоо системасын киргизүү боюнча пилоттук долбоордун алкагында 8428 окуучу тестирлөөдөн өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен маалымдашты.**

> Билдирүүгө караганда, долбоор Япониянын SPRIX Inc. компаниясы менен биргеликте ишке ашырылып, ага өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы 28 мектеп катышууда. 

Бул тууралуу кече, Агартуу министрлигинде Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин өкүлдөрү жана япон компаниялары менен өткөн жолугушууда талкууланды.

Тараптар мектептик билим берүү тармагына санариптик технологияларды жана заманбап окуу материалдарын киргизүү, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карашты. Ошондой эле жолугушууда санариптик билим берүүнү өнүктүрүүгө да өзгөчө көңүл бурулду.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**