> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Атада таштанды полигонундагы өрт үчүн айып салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/15/ysyk-atada-tashtandy-poligonundagy-ort-uchun-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-10-15T06:27:00.000Z
- Updated: 2026-10-15T06:26:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылынын жанындагы таштанды полигонунда чыккан өрт боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.**

> Маалыматка ылайык, минитстрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй башкармалыгы текшерүүдө полигондо эрежелер сакталбаганын аныктап, үч протокол түздү. Анын негизинде Кең-Булуң айыл өкмөтүнө **71 000 сом** айып пул салынды.

Өрттү өчүрүү иштери "Мурас" муниципалдык ишканасы жана өрт өчүрүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн.

Министрлик айлана-чөйрөнү коргоо жана таштанды башкаруу эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөнү улантарын билдирди.