> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте Шакиранын концерти тынч жана коопсуз шартта өттү
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/19/bishkekte-shakiranyn-kontserti-tynch-zhana-koopsuz-shartta-ottu/
- Published: 2026-10-19T03:31:26.000Z
- Updated: 2026-10-19T03:31:25.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кече “Бишкек Арена” улуттук стадионунда дүйнөгө белгилүү ырчы Шакиранын дүйнөлүк турунун алкагында концерти болуп өттү. Иш-чарага 40 миңден ашуун көрүүчү катышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББнан кабарлашты.**

Маалыматка ылайык, Стадиондун аймагында жана ага чектеш тилкелерде коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында **3 миңден ашуун милиция** кызматкери тартылды. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, иш-чаранын катышуучуларынын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылышты.

Милиция кызматкерлеринин өз ара шайкеш иш алып баруусунун жана жарандардын жоопкерчиликтүү мамилесинин натыйжасында концерт тынч кырдаалда, эч кандай окуяларсыз өттү.

> Ушундан улам Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы борбор калаанын тургундарына жана конокторуна коомдук тартипти сактагандыгы, түшүнүү менен мамиле кылгандыгы жана милиция кызматкерлерине көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.