> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөдө инфляцияга каршы мамлекеттик программа ишке кирет
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/20/infliatsiiaga-karshy-mamlekettik-programma-ishtep-bashtait/
- Published: 2026-10-20T03:55:00.000Z
- Updated: 2026-10-20T04:20:35.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстанда инфляцияга каршы мамлекеттик программа иштеп баштайт. Бул тууралуу 20-октябрда президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.**

Анын айтымында, аталган программа **2027-жылдын 1-январынан** тарта ишке кирет. 

> "Кудай буюрса 2027-жылдын жыйынтыгын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча инфляцияны эң төмөнкү көрсөткүч менен жабабыз деген үмүтүбүз чоң", - деп жазды Алагөзов. 

Улуттук банктын [маалыматына ](https://stat.gov.kg/media/expressinfo/e7d46f03-96e0-4574-83f5-aa6a622943d8.pdf)ылайык, 2026-жылдын январь-сентябрь айларында (өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу) Кыргызстан боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин жалпы өсүшү **8,1%ды** түздү.

****Инфляция** –бул экономикадагы товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жалпы деңгээлинин убакыттын өтүшү менен туруктуу жана масштабдуу өсүшү.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**